Жаңылыктар
Кардын калың жаашы жол кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Кардын калың жаашы жол кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн

Мындай абалда айдоочуларга коюлган талаптар толук аткарылышы керек. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда адистер тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жарандардын телефон номерлерине аба-ырайынын өзгөрөөрү жана алыскы жолдордо кар көчкү күтүлүп жатканы тууралуу маалымдалган. Аймактарда иш алып барган адистер жүргүнчүлөрдүн коркунучка туш болбошу үчүн кооптуу жерлерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзөт. Жол каттамдарын кардан арылтууда тиешелүү мекеменин кызматкерлери керектүү техникалар менен иш алып барууда. 

Ансыз унаалардын жүрүшү кыйындайт. Иш аз убакытка гана токтосо жолдо баш аламандык башталаарын декабрь айынын соңунда болгон окуя көрсөттү. Бирок айдоочулар да коюлган талаптарды аткарышы зарыл. Аба-ырайынын бүгүнкү абалы дагы көпкө сакталчудай. Андыктан алыскы жолдордо кар дагы калыңдайт. Быйылкы кыш карсыз башталып, декабрь айынын соңунда гана абал өзгөргөн. Жыл жаңыраар алдында Бишкек - Ош автожолунун ашууларында жаралган унаа тыгындары жолдун кардан тазаланбаганына байланыштырылган эле. Эми жолдогу абалга жооптуу кызматтар техникалар жетиштүү, көйгөйдүн жаралбашы үчүн бардык аракеттер көрүлөт деп ишендирүүдө.