Жаңылыктар
С.Жээнбеков Дача СУ айылындагы кырсыкта жакындарын жоготкон балдар менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков Дача СУ айылындагы кырсыкта жакындарын жоготкон балдар менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Дача СУ айылындагы учак кырсыгында туугандарын жана жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту. Өлкө башчысы аларга көңүл айтып жатып, азыркыга чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктогон кайгы-муң басаңдай электигин белгиледи. 

Өз кезегинде жабыркагандардын атынан сүйлөгөн айыл тургундары, мамлекет менен элден көрсөтүлгөн жардам калыс бөлүштүрүлүп, нааразычылык жок экенин билдиришти. Мындан туура бир жыл мурун Бишкектин четиндеги Дача СУ айылындагы учак кырсыгында туугандары жана жакындарынан айрылган балдар. 

Аларды өлкө башчысы менен жолугушууга чоң ата, чоң энелери, айрымдарын байке эжелери коштоп келишкен. Сооронбай Жээнбеков аларга көңүл айтып, бүгүнкү күнгө чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктогон кайгы басаңдай электигин белгиледи. Жолугушууда кырсыктан жабыркагандардын ал акыбалы суралып, аларга көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу да сөз болду. 

Айыл тургундарынын атынан сүйлөгөн Венера Шейшенова жалпы кыргызстандыктарга көңүл буруп, кайгысын тең бөлүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирип, аны менен бирге аларга мамлекет жана эл тарабынан берилген материалдык жардамдар калыс бөлүштүрүлгөнүнө токтолду. 

Айтымында жабыркагандар өздөрү бир да жолу нааразычылык билдирген жок, анткени бардык кайрылуулар өкмөттүк комиссия тарабынан өз убагында канааттандырылып жатты.