Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда былтыркы жылы төрт бала бакча ишке берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда былтыркы жылы төрт бала бакча ишке берилди

Быйыл дагы төрт бала бакча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен салынууда. Бул багытта мектепке чейинки билим берүүдө жамааттык бала бакчалар ачылып мамлекеттик уюмдарга кол кабыш кылышууда. Алсак Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда алты бала бакча ишин башташты. Быйылкы жылдын башталышында болсо Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында типтүү эки жүз орундук жаңы бала бакча айыл эли үчүн эшигин ачты. Эске сала кетсек бул имараттын курулушу көп жылдан бери бүтпөй келген.

Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылы анча деле чоң эмес. Бирок бала бакча, мектептин жоктугу айыл эли үчун чоң көйгөй болчу. Айылдык балдар кышкы суукта, жайкы ысыкта жакынкы айылдарга жөө барып билим алып келишкен. Мектеп имараты буга чейин ишке кирсе жаңы жылды утурлай жаңы бала бакча да айылдык балдар үчүн эшигин ачты. Бул балдар бакчасынын имараты союз убагында салынып ар кандай багытта колдонулуп келген.

Акыры айыл элинин суранычы менен бала бакчага айлантылды. Негизинен облус аймагында мындай бүтпөй турган имараттар абдан көп. Азыр четинен курулушун бүткөрүп эл керегине берүү акырындап ишке аша баштады. Чынында эле облус аймагында бала бакчалардын жетишсиздигине өзгөчө көңүл бурула баштады. Убагында менчик колго өтүп кеткендеринин айрымдары кайтарылууда. Бул багытта Тоң районунун Бөкөнбаев айылында бир бала бакча мамлекеттин карамагына өтүп айылдык балдар үчүн жакында эле эшигин ачкан. Жакын арада Тоң айылында жаңы бала бакча имараты колдонууга берилет. Ал эми Каракол шаарында болсо былтыркы жылы бир жаңы бала бакча иштеп баштаган.