Жаңылыктар
Ташкент-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдын баасы төмөндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкент-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдын баасы төмөндөдү

Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы Ташкент-Бишкек багыты боюнча билет баасын төмөндөттү. Бул тууралуу авиакомпаниянын маалымат кызматы билдирди.

Эми жүргүнчүлөр Кыргызстанга авиабилеттерди жаңы жарнамалык үч айлык O/S/U/L классындагы баалар менен сатып ала алышат. 

Авиабилеттин эң төмөнкү баасы бир тарапка болжол менен 7 миң 613 сом, келип кетүү үчүн 14 миң 316 сом болот. Төлөм Өзбекстан Борбордук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт. 

Билеттерди авиакассалар жана авиакомпаниялардын сайттары аркылуу алууга болот. Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамдарын өзбек авиакомпаниялары жумасына эки жолу шейшемби жана бейшемби күндөрү жүргүзөт.