Жаңылыктар
Айдаркен сымап комбинаты кайрадан ишин улантууда
Экономика
Айдаркен сымап комбинаты кайрадан ишин улантууда

Айдаркен сымап комбинаты кайрадан ишке кирип, 200 адам жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин комбинаттын шахтасын суу каптап калгандыктан, ал 10 жыл иштебей турган. 2017-жылдын июлунда ата мекендик компаниялардын бири менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, бирге иштеп башташкан. 

Келишимге ылайык, 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, чийки зат өндүрүүгө толук шарт түзүлдү. 10 күн ичинде кен казуу жумуштары башталып, 400 киши жумуш орду менен камсыздалат. 

Маалыматка караганда аймакта дагы 40 жылга жетчү сымаптын запасы бар. Учурда Кытай, Түркия, Орусия, Бразилия мамлекеттеринен суроо-талаптар түшүүдө.