Жаңылыктар
Жумгалда хоккей боюнча республикалык деңгээлдеги мелдеш өттү
Спорт
Жумгалда хоккей боюнча республикалык деңгээлдеги мелдеш өттү

Нарындын Жумгал районундагы Миң-Куш айылы спорттун хоккей түрү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдеш уюштурду. Ага жалпысынан 10 команда катышып, күч сынашты. Ынтмакка чакырган таймаш кызуу өтүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн кызыткан оюн болду. 

Жумгалдын Миң-Куш айылында уюшулган турнир дагы хоккей оюнун өнүктүрүүгө бет алган. Көрүүчүлөрдүн көңүлүн кызыткан таймашты Миң-Куш айылынын жаштар уюму жана жергиликтүү көмүр казган ишкана уюштурду. Буга төрт жүз миң сом акча кетти.

Ал эми Миң-Куш айылынын жаштары мындай иш-чара менен эле токтобойт. Анткени алардын алдыга койгон максаттары көп. Спортту өнүктүрүп, элет элинин жашоосун жакшыртуу жаштар уюмунун эң негизги пландарынын бири. 

Таймашта экинчи орунга “Темир-Жол”, үчүнчү баскычка “Жумгал-Солтон” командасы чыгып, төртүнчүнү Кочкордун “Ормон-Ханы” багынтты. Ийгиликти имергендерге акчалай сыйлыктар менен диплом, медалдар тапшырылды.