Бүгүн Дача СУда авиа кырсыктын катталгандыгына бир жыл толду. Өткөн жылдын 16-январынын таңында катталган учак кырсыгы 39 адамдын өмүрүн алган. Таңкы таттуу уйкудан ойгонбой калган жарандарыбыз “Манас” эл аралык аэропортунан 2 чакырым алыс турган Дача СУ айылынын тургундары эле.
Кырсыкка учураган учак Туркия аба жолдоруна тиешелүү болгон жана Гонкконгдон Стамбулду карай жүк ташып бараткан. Бишкектен күйүүчү май куюп алуу үчүн конууга аракет кылган лайнер “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келип, жерге бир тийип кайра көтөрүлүп аэропортко жакын жайгашкан айылдын үстүнө кулап түшкөн болчу.
Шейит кеткендердин жакындарына ар тараптуу жардамдар берилип, быйылкы жылдын 13-январында кырсык катталган жерге маркумдардын элесине арналган эстеликтин ачылышы болду. 15-январь күнү президент Сооронбай Жээнбеков Дача СУ айылындагы кайгылуу окуядан туугандарынан жана жакындарынан айрылган балдар менен жолугушту. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи Радио"