Жаңылыктар
Оң рулдуу таксиге чектөө киргизилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Оң рулдуу таксиге чектөө киргизилбейт

Ички иштер министрлиги оң рулдуу унааларды таксилерди колдонууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Документти алымча-кошумчалары менен кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасы өлкөнүн Транспорт жана жолдор министрлигине жүктөлдү.

Эске салсак, буга чейин өкмөт сунуштаган мыйзамга ылайык, оң рулдуу унааларды жүргүнчү ташуу үчүн пайдаланууга 2018-жылдын 1-январынан тарта чектөө киргизилмек. 

Оң рулдуу унаалар Кыргызстанга он жыл мурун, 2008-2009-жылдары ташыла баштаган. Жапон унаалары кардарлардын көбүн жылы жаңылыгы, салон ичиндеги шарттарынын ыңгайлуулугу жана баасынын арзандыгы менен кызыктырып келген. Күйүүчү май дагы көп коробойт. Адистердин айтымында, оң рулдуу унааларга чектөөнүн алынганын жакшы, бирок ошол эле учурда айдоочулардын жоопкерчилиги экинчи орунга калып калбашы керек, - дешет адистер. 

Учурда шаар ичинде жана өлкө аймагына такси кызматын көрсөткөн машиналардын 25 пайызы оң рулдуу. 2015-жылдан тартып өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынган. Андыктан келечекте аларды такси кызматына же толук пайдалануудан алып салуу маселеси өзүнөн өзү чечилет дешет адистер. Ал эми айдоочулар азырынча ишин уланта беришет. 

Толук тыюу салынбайт, бирок тиешелүү кызматтар оң рулдуу таксилердин иш алып баруусун тартипке сала турган комплекстүү иш-чараларды иштеп чыкмакчы.