Жаңылыктар
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ички аба каттамдарынын акысы арзандады
Кыргызстан жаңылыктары
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ички аба каттамдарынын акысы арзандады

15-январда өкмөт менен «AirManas», «Avia Traffic» жана «TezJet» авиакомпаниялары «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу эки тараптуу келишим түзгөн. Ага ылайык, өзгөчө кырдаал түзүлгөн шартта авиакаттамдын бир тарабына карай билеттердин 2 миң 700 сомдук наркы кадимки баалардан 27 пайызга төмөн сатылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Бирок ашууларда кар көп жаагандыктан, 16-январдан 22-январга чейин маал маалы менен кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүрөт. Ушуга байланыштуу унаа жолдогу машиналардын аралыгы 500 метрден кем эмес сакталуусу кажет. Аба ырайын маалымдоочу борбор кардын жааганына жараша жарандардын коопсуздугу үчүн шашылыш билдирүү таратып турат.

Шашылыш билдирүү акыркы жолу 14-январда жасалган. Кардын калың жааганын улам Бишкек-Ош унаа жолунда абал кыйындайт. Мындан улам 11-январда, Премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Бул чечимге ата-мекендик “Эйр Манас”, Авиа трафик” жана “Тезжет” компаниялары 15-январда макулдугун беришти. Жеңилдетилген баа Бишкек-Ош-Бишкек каттамдарына гана тиешелүү. Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек, Бишкек-Исфана-Бишкек каттамында учактар чакан болгондуктан аталган каттамдар эске алынбаганын транспорт жана жолдор министрлиги белгиледи. Чечим 15-январда күчүнө кирди. 

Авиабилеттин арзандашына байланыштуу жеке ишканалар өкмөттөн кандайдыр бир жеңилдик сурашкан эмес. Авиакассаларда эң жакынкы каттамдардын баасы экранда көрүнгөндөй 2 миң 400 сомдон аша элек. “Бишкек-Ош-Бишкек” аба жолунда күнүнө сегиз авиа каттам бар. Алардын барында бир ай ичинде билет баасы 2 миң 700 сомдон ашпайт. Жай учурда 1500 сомдон башталып, 3700 сомдон ашпайт. Авиакомпаниялар жүргүнчүлөр билетти канча эрте алса, баасы арзан болоорун эскертет. Ошондой эле билетти авиакомпаниянын өзүнөн же он-лайн түрүндө сатып алуу да 200 - 300 сомго төмөн болот.