Жаңылыктар
Турак үй катары катталып, бирок башка максатта колдонулуп жаткан имараттар текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Турак үй катары катталып, бирок башка максатта колдонулуп жаткан имараттар текшерилет

Ордо калаада каттоодон турак үй деп катталып, бирок башка максаттарда колдонулуп жаткан имараттар көбөйдү. Бишкек шаардык жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жагдайды жөнгө салып, жеке тараптардын ишин мыйзамдаштыруу үчүн текшерүү ишин баштады. Алдын ала текшерилген маалыматтар боюнча, ордо калаанын бир эле Октябрь районунда турак үйдү башка максатта колдонуп жаткан фактыдан 20 дан ашык катталган. Алар жеке бала бакча, эс алуучу же көңүл ачуучу жана ар кандай жеке тараптарга тиешелүү кеңселер.

Текшерүү туралуу алдын ала маалыматтар ар бир жайга берилгени менен, айрымдары таптакыр эле эшигин ачкан жок. Анткен менен кадимки турак үйлөрдүн сыртында ар кандай багыттагы жарнамалоочу баракчалар ачык эле илинип турат. Чоң-чоң жеке менчик турак үйлөрдүн көптүгүнөнбү, эмнегедир шаардын чыгыш районунда бала бакча же кандайдыр бир ишкананын кеңсесин ачып алган жагдайлар көп. Алардын арасында баардыгын мыйзамдуу жол менен тиешелүү уруксаттардын бардыгын алып, анан иш алып барып жаткандар да бар. Ушул тапта өлкөдө жеке ишкерчиликти колдоо боюнча бир катар иштер жүрүп, өкмөт тарабынан обу жок текшерүүлөргө жол берилбей келет. Бирок мындай жеңилдик бир гана мыйзамдуу иш алып барып жаткандарга тиешелүү. 

Бул жолу калаадагы Октябрь районун аймагы гана текшерилсе, мындан ары Бишкектеги баардык райондорунда турак үйлөрдү башка максатта колдонуп жаткан фактылар ачыка чыгат. Себеби шаардык жерди пайдалануу башкармалыгы анын баарын каттап чыгып, тиешелүү төлөмдөрдү мыйзам чегинде төлөтүү максатын көздөп жатат. Учурда борбордо жеке турак үй курууга уруксат берилген жерлерге бала бакча жана ар кандай кеңселерди куруп алган учурлар арбын. Эми алардын баары текшерүүдөн өтүп, же мыйзамдаштырылат же ишкерчилиги токтотулат.