Жаңылыктар
Маевка айылынын тургундары газ куюучу пунктту жабууну талап кылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Маевка айылынын тургундары газ куюучу пунктту жабууну талап кылууда

Бишкек шаарына чектеш жайгашкан Маевка айылындагы газ куюучу пункт ишмердүүлүгүн токтотуусу керек! Мындай талапты Маевка айылынын тургундары коюуда. Алар маселени чечүү үчүн жардам сурап биздин каналга кайрылышты. Бул Маевка айылындагы Махатма Ганди менен Жапаров көчөсүнүн кесилишкен жери. Газ саткан жайга биздин чыгармачыл топ менен бирге экотехинспекциянын өкүлү да барды. 

Унааларга газ куюп иштеп жаткандар бизди көрөөрү менен качып жөнөштү. Сатуучулардын мындай аракети кимге болбосун шектенүүнү жаратаары анык. Көрсө сатуучулар газ сатуу үчүн атайын уруксат берүүчу документи жок болгондуктан качкан экен. Анан дагы эрежеге ылайык суютулган газ куюучу пункт турак-үйлөрдөн же имараттардан элүү метр алыс жайгашышы керек эле. 

Күйүүчү май кадимки эле желим идишке куюлуп сатылып жатканына күбө болдук. Өрт коопсуздугу сакталган эмес. Борбор калаада, дегеле бардык шаар-айылдарда минтип жол боюна ыңгайлашып туруп алган жеке ишкерлер четтен чыгат. Көпчүлүгүнүн документи жок. Тиешелүү мамлекеттик органдар көзөмөлдү күчөтпөсө, жакынкы арада көчөлөр базарга айланып кетээри турган иш.