Жаңылыктар
Маркум Марат Козукеевдин акыркы эмгеги - "Керээз" спектакли коюлат
Маданият
Маркум Марат Козукеевдин акыркы эмгеги - "Керээз" спектакли коюлат

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында КР эмгек сиңирген артисти, режиссёр, маркум Марат Козукеевдин акыркы жолу сахналаштырылып, толугу менен аягына чыгара албай калган "Керээз"  спектаклинин премьерасы болот.

Драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык  “Керээз” тарыхый драмасы 18-кылымдагы Кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхий инсаны Боромбай Бекмурат уулунун ой дүйнөсүн чагылдырат. Ошол кылымдагы туңгуюкка кептелген кыргыз элинин тарыхы жана андан чыгуунун жолдору Боромбай бийдин дүйнө таанымы, тунук ой сезими жана акыл калчоосу аркылуу сүрөттөлөт. 

Окуянын баардыгы Боромбайдын ой чабыты аркылуу жүрүп олтурат. Кокон хандыгы, Цинь империясы, Россия падышачылыгынын карама каршы саясатынын мезгилиндеги кыргыз элинин башына келген заман өткөөлүндөгү оош кыйыштар Боромбай бийдин көз алдынан өтөт. 

Айтылуу акын Арстанбекти Анжыяндан Ысык-Көлгө алып кеткени, кыргыздардын курултайы, Ормондун хан болуп шайланышы, уруулардын пикир келишпестиктери, сырткы күчтөрдүн чабыштыруу саясаты, Россиянын курамына кошулуусу сюжеттин негизин түзөт. Спектакль көрүүчүлөрдүн назарына 23-24-25-январь күндөрү сунушталат.