Жаңылыктар
Алай районунда жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Алай районунда жер титирөө катталды

Ош облусунун Алай районунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер силкинди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Ага ылайык, жер титирөө 17-январга караган түнү саат бирден 54 мүнөт өткөндө болуп, магнитудасы 3,7ни түзгөн. 

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда жайгашып, Алай тоо кыркаларында Алай районунун Бор-Дөбө айылынан чыгышты карай алты чакырым жана Кара-Киндик айылынан түштүк-батышты карай 25 чакырым алыстыкта орун алган. 

Жердин силкинүүсү Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 жана Сары-Таш айылында 2 баллды түзгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча жабыркагандар жок.