Жаңылыктар
Ошто ЕАЭБдин талабына жооп бере турган мал союучу жай ишке кирет
Экономика
Ошто ЕАЭБдин талабына жооп бере турган мал союучу жай ишке кирет

Март айынан тарта Ош шаарында ЕАЭБдин талабына жооп бере тургандай шарттагы мал союучу жай ишке кирет. Толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жайда 40 тонна эт сактай турган муздаткыч да каралган. 

Мындай аракет, өкмөттүн атайын токтомунун негизинде ишке ашырылууда. Токтомдо жазылгандай, ЕАЭБдин талаптарына ылайык, мал союучу жайлар калктуу конуштардан, унаа өтүүчү жолдордон, социалдык жайлардан бир чакырым алыстыкта жайгашуусу шарт. 

Ош шаарында азыркы тапта иштеп жаткан 6 мал союучу жайдын жайгашкан орду толугу менен ЕАЭБдин талабына жооп бербейт деп табылган. Ал эми калаа ичинде эт сатуучу 126 дүкөн иштейт. 

Жарым миллиондон ашуун калкы бар Ош шаарынынын тургундары айына 127 миң тонна эт керектейт.