Жаңылыктар
Мамлекеттик башкаруу системасы реформаланат
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик башкаруу системасы реформаланат

“Жаңы доорого кырк кадам” программасынын алкагында Мамлекеттик башкаруу системасы реформаланат. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана штаттык санын жакшыртуу жана функциясын өркүндөтүү тууралуу премьер-министрдин буйругуна ылайык, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлүүдө. 

Бул топ бир ай аралыгында атайын сунуштарды иштеп чыгышы керек. Муну менен мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугу камсыздалып,  адистерди даярдоого өзгөчө басым жасалары айтылууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи Радио"