Жаңылыктар
АКШ Кубага каршы колдонулуп келген дагы бир санкцияны жеңилдетти
Дүйнө
АКШ Кубага каршы колдонулуп келген дагы бир санкцияны жеңилдетти

Бул Барак Обаманын аталган өлкөгө жасай турган тарыхый сапарынын алдында жарыяланды. Кошмо штаттардын Каржы министрлиги тараткан маалыматка ылайык эми Куба жана анын жарандары үчүн АКШдагы каржы мекемелеринин кызматын пайдаланууга жол ачылат. Ошондой эле мыйзамдуу мигранттарына иш менен камсыз болууга кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү. Обама Кубада 21-22-март күндөрү иш-сапар менен болот. Америкалык лидерлер бул өлкөгө 1928-жылдан бери бара элек. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле 1961-жылы үзүлгөн. Андан бери Кубага каршы узак мөөнөттөгү санкциялар колдонулуп келет. Дипломатиялык алака 2014-жылы гана калыбына келтирилген.