Жаңылыктар
Өкмөт: криминогендик абалды жакшыртуу боюнча ИИМ ишти күчөтөт
Саясат
Өкмөт: криминогендик абалды жакшыртуу боюнча ИИМ ишти күчөтөт

Өлкөдөгү криминогендик абалды жакшыртуу боюнча Ички иштер министрлиги ишти күчөтөт. Мындай тапшырманы премьер-министр Сапар Исаков Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн кеңешмеде берди. Себеби кырдаал калк арасында кооптонууларды жаратууда. Буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыздоого тийиш.

Жаңы жылдан бери катталган кылмыш иштерине байланыштуу Ички иштер министрлиги ар кыл багытта ишти күчөттү. Айрым оор кылмыш иштери боюнча жумуш топтору иш алып барууда. Кылмыштын алдын-алуу, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу, каракчылык, тоноо, чөнтөк ууруларга каршы аракеттер өзгөчө ыкчамдатылды. Кылмышты жаап жашырууга каршы иштердин натыйжасында 80ге жакын кылмыш каттоого алынды. Антпесе жыл жаңырганы 15 күндүн ичинде төрт миңден ашык кылмыш катталган. Алардын ичинде адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыш да бар.