Жаңылыктар
Айрым дүкөндөрдүн азыктары талаптарга жооп бербейт
Кыргызстан жаңылыктары
Айрым дүкөндөрдүн азыктары талаптарга жооп бербейт

Жыл өткөн сайын кардарларды өзүнө тарткан ыңгайлуу шарттары бар ири соода жайларынын саны өсүүдө. 

Бирок алардын баарында эле азыктардын сапаты талаптарга жооп берет дегенге болобу? Арасында кардардын көзүн будамайлап, эскирген тамак-аш түрүн сатып киреше тапкандары учурайт. 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Чүй облустук бөлүмү калк жыш жайгашкан Сокулук районундагы ири дүкөндөрдү текшерип, талапка жооп бербеген товарларды аныктады.