Жаңылыктар
Санариптик көчмөндүк боюнча Бишкек алдыңкы шаарлардын катарына кирди
Туризм
Санариптик көчмөндүк боюнча Бишкек алдыңкы шаарлардын катарына кирди

Бишкек көчмөндүк жашоо мүнөзүн санариптик дүйнөгө алып чыгуу боюнча алдыңкы шаарлардын катарына кирди. Санариптик көчмөндүк - бул интернет аркылуу ишти саякат менен айкалыштырып жашоо. Литвалык белгилүү блоггер жана ишкер Томас Лаурина Вичюс түзгөн тизмеде дүйнөнүн 52 шаары бар. Бишкек бул тизмеде 15-орунду ээлеген.

Литвалык блоггер 4 жылдан бери саякаттап келет. Анын жашоо турмушу аралыкка карабай бардык жерлерди көрүп, иштөө. Болгону анда жеткиликтүү интернет болушу керек. Томас азыр Никарагунан Сан Хуан шаарында. Санариптик көчмөндүк боюнча рейтингди түзүүдөгү ою тууралуу биз менен алыстан ой бөлүштү.
Санариптик көчмөндүк боюнча алдыңкы шаарлардын көч башында Африкадагы Кейптаун, Аргентина борбору Буэнос-Айрес, Колумбиянын Медельин шаары жана Португалиянын баш калаасы Лиссабон кирет. Бишкек бул тизмеде 15-орунду ээлеген.