Жаңылыктар
Баткен шаарындагы азык-түлүк базары санитардык талаптарга толук жооп бербейт
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарындагы азык-түлүк базары санитардык талаптарга толук жооп бербейт

Азыктар атайын соода текчелерде эмес, жерде жайылып сатылып келет. Тез бузулуучу азыктар да муздаткычтарда сакталбайт. Сатуучулар абалды шарттын жоктугу менен түшүндүрүшүүдө.

Аптанын жекшемби жана жума күндөрү гана иштөөчү азык-түлүк базарында санитардык талаптар так сакталган эмес. Сатуучулар жашылча-жемиш, ун жана макарон азыктары, майлардан тартып, тез бузулуучу азыктарга чейин жерге жайып сата беришет.