Жаңылыктар
Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр болот

Кыргызстандык кесиптештери менен кызматташууга келген Чехия парламентинин депутаттарына байланыштуу ордо калаанын борбордук көчөлөрүндөгү унаа кыймылына чектөө киргизилет. Жол кайгуул кызматынан маалымдагандай, 16-17-март күндөрү маал-маалы борбордук көчөлөрдө чектөө болуп турат. 

Бүгүн Махатма Ганди көчөсү менен Жибек-Жолу көчөсүнүн кесилишинен тарта Манас проспектисине чейин, Манас проспекстисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй, Раззаков, Абдымомунов, Киев жана Токтогул, Тоголок Молдо көчөлөрүндө дагы убактылуу токтотуулар болуп турат. 

Ал эми 17-мартта эртең мененки 9дан түшкү 12ге чейин Манас проспекти, Чүй, Абдырахманов, Жибек-Жолу жана Махатма Ганди көчөлөрү кыска убакытка тосулуп, кайра ачылып турат. Мындан улам жол кайгуул кызматы айдоочуларга жолго чыгуунун алдында кайсы көчө менен жүрсө ыңгайлуу болоорун алдын ала аныктап алса деген кеңешин айтууда.