Жаңылыктар
Таңгактагы чайдын тукумсуздук жана рак илдетине алып келери аныкталды
Ден соолук
Таңгактагы чайдын тукумсуздук жана рак илдетине алып келери аныкталды

Эксперттер таңгактагы чай тамак сиңирүү системасына, бөйрөккө жана сөөккө терс таасирин тийгизип, тукумсуздук менен рак илдетине алып келери аныкталды. 

Бул тууралуу “life.ru” басылмасы билдирет. Мындай оромдогу чайда хлор менен бирге дагы башка зыяндуу кошулмалар бар экени аныкталды.

Ошондой эле, бул чай топурактагы фторид химиялык бирикмелерин жыйнаган эски жалбырактардан даярдалары айтылат. Мындай кошулмалар сөөк менен бөйрөккө өтө кооптуу. 

Окумуштуулар таңгак чыгарган ишкерлер аны хлор менен агартышарын айтышты. Кагаз таңгактарда пестицид катары колдонулган эпихлоргидрин болот. Анын кесепетинен, чай суу менен аралашкандан кийин тукумсуздукка дуушар кылып, иммунитетти төмөндөтүп, рак дартына алып келет. Маалыматка ылайык, таңгак чайды бир эмес, бир нече ирет колдонгон же болбосо ар дайым ушундай чай ичкендердин денесинде мындай топтом көбөйө берет.