Жаңылыктар
Тайгактан жараат алган жарандардын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Тайгактан жараат алган жарандардын саны көбөйүүдө

Бишкек шаарындагы акыркы он күндүн ичинде муздан тайып,ар түрдүү жараат алгандардын саны 500гө жакындады. Ал эми тайып кетип жыгылып, ооруканага күнүнө 40-50 адам кайрылууда. 

Алардын басымдуу бөлүгү орто муундагы адамдар. Ал эми бүгүнкү күндө жеке ишканалар өздөрүнүн аймагын жана жолдорду тазалабагандыгы үчүн мэрия тарабынан 81 мекемеге айып пул салынып, дагы 302 ишканага эскертүү берилди. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы “ Биринчи радио”