Жаңылыктар
Швейцария Кыргызстанга 20 миллион франк бөлөт
Экономика
Швейцария Кыргызстанга 20 миллион франк бөлөт

Швейцария Кыргызстанга 20 миллион швейцардык франк бөлөт. Ал эки мамлекеттин 2017-2020-жылдарга кызматташтык стратегиясынын алкагында ишке ашмакчы. 

Бул тууралуу Кыргызстандагы Швейцариянын Элчиси Вероника Ульман Премьер-министр Сапар Исаков менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди. Өкмөт башчы Кыргызстан жана Швейцария ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи. 

Сапар Исаковдун айтымында, жарандардын жашоо шартын жакшыртууда сапаттуу секирик жасаш үчүн бардык күч жумшалууда. Бул багыттагы мамлекеттин башкы маселелеринин бири өлкөгө инвестицияларды тартуу болуп саналат. 

Ал эми жакынкы арада Швейцарияга пландаштырылган жумушчу сапарынын алкагында, Кыргызстанга кошумча инвестицияларды тартуу үчүн бир катар жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады. Өз кезегинде элчи Вероника Ульман, Швейцария Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жаатында колдоого ала турганын билдирди. 

Ошондой эле, Кыргызстандын«Жаңы доорго кырк кадам» программасын тыкыр иликтеп, кыргыз-швейцар долбоорлору менен үндөштүгүн баса белгиледи. Ошондуктан кыргыз өкмөтүнүн бул программасы алкагында белгиленген иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жигердүүлүк, мамлекеттик тармактагы жана инфраструктурадагы реформалар, жеке секторду өнүктүрүү, суу ресурстарын башкаруу, тынчтыкты жана демократияны куруу маселелери менен катар, “Таза коом” программасын да талкуулашты.