Жаңылыктар
Нарындын лыжачылары Кыргызстандын ачык чемпионатына катышат
Спорт
Нарындын лыжачылары Кыргызстандын ачык чемпионатына катышат

Нарындын лыжачылары бир жумалык күчөтүлгөн машыгуудан өткөндөн кийин Кемин районундагы Орловка шаарчасында өтүүчү Кыргызстандын ачык чемпионатына катышууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу улук машыктыруучу Кубан Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы чемпионатка даярдануу кыйынга туруп, кардын аз болушу бир кыйла түйшүктөрдү жаратты.

«Ошондой болсо да жакшы даярдыктарды көрдүк. Арабыздан он лыжачы тандалып, жолдомолор берилди. Алар чемпионаттын жүрүшүндө лыжа спортунун слалом гигант түрү боюнча мелдешке түшөт», - деди ал.