Жаңылыктар
Жашы жете электерге нике кыйган молдолорго жаза күчөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жашы жете электерге нике кыйган молдолорго жаза күчөтүлөт

Жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйган молдолорго карата жаза чарасы күчөтүлөт. Депутат Жанар Акаев билдиргендей, өлкөнүн кылмыш-жаза кодексинде 18ге чыкканга чейин никеге каттоого болбойт деп жазылып турат. 

Бирок буга карабай, жергиликтүү молдолор тарабынан өзүм билемдик менен нике кыйуу фактылары көп катталууда. 


Жашы жете электерге нике кыйган молдолорго карата жазаны катаалдантуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду, дейт Жанар Акаев. 

Эл менен болгон жолугушууларда бир жылда Кыргызстандын ичинде 100гө жакын жашы жете элек жаран никеге турганы менен укук коргоо органдары тарабынан аларга кылмыш иши козголбой жатканы же, айрым учурда гана жазага тартылаары айтылды.