Жаңылыктар
Казакстандын Актөбө облусунда автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кетти
Кырсык
Казакстандын Актөбө облусунда автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кетти

Казакстандын Актөбө облусунун Иргиз районунда автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кетти. Кырсык Самара — Шымкент унаа жолунда Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. Өрт чыккан жерде жергиликтүү полиция, медицина кызматкерлери, куткаруучулар жана психологдор иштешти.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкуловдун айтымында, салондо 55 жүргүнчү менен эки айдоочу болгон. Алар кайсы жактын жарандары экени такталып жатат. Автобустан чыгып кетүүгө үлгүргөн беш адамга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Калган 52 адам ошол жерден көз жумган. 

Ал эми Актөбө облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен кабарлашкандай, каза болгондордун бардыгы Өзбекстандын жарандары болгон. 

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Социалдык тармактарда кырсыктын сүрөттөрү жана видеосу жарыяланып, анда "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнгөнүн көрсө болот.