Жаңылыктар
Ош: аймактарды өнүктүрүүгө кандай аракеттер көрүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: аймактарды өнүктүрүүгө кандай аракеттер көрүлүүдө?

Жакынкы беш жылда республиканын аймагында таза суусу жок бир да айыл-кыштак калбайт. Алсак, Ош облусунун калкынын 76 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Өрөөндөгү 6 миңден ашуун жер өздөштүрүлүүгө тийиш. Аймактарды өнүктүрүүгө кандай аракеттер көрүлүүдө? Аравандык тургундар эмнелерге муктаж? 



Мына бул кичинекей бакча, 3,5 миңдей калк жашаган Жаңы-Аравандыктардын 25 жылдан берки чоң көйгөйүн чечти. Заманбап шарттары менен курулган 60 орундуу бала-бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 9 млн .сом акча каражаты сарпталган.


Бакча, мектептерди оңдоо, эмкана салуу сыяктуу жалпы: 63 иш-план кабыл алынган. Буларды жүзөгө ашырууда демөөрчүлөр да четте карап турган эмес. Өткөн жылы 18 млн.сомдон ашуун инвестиция тартылган. 17 миңден ашуун калк турукташкан аймакта учурда иштеп жаткан 188 чакан ишкана бар.



Былтыркы жылда жергиликтүүлөрдү кубанткан дагы бир жай-бул аймактагы логистикалык борбордун ишке кириши болду. Тапкан кирешесин татыктуу баада сатууга көмөктөшчү ири логистикалык борбор 300 тоннадан ашуун жашылча-жемиш сактаганга ылайыкташкан. Борбор ЕАЭБдин талаптарына толугу менен жооп берет.


Мына ушундай жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер, чечиле элек көйгөйлөр да бар. Дыйкан-фермер, ишкерлерге кандай шарттарды түзүп, аймактын социалдык абалын жакшыртуунун жолдору талкууланды. Аймакта жер, сугат суу курч маселелердин бири. Гүлбаар, Керме-Тоо айылдарындагы 138 гектар жер чейрек кылымдан бери сугат сууга суусап келсе, бир жолку берилүүчү жер тилкесине муктаж болгон миңдей тургун 82 гектар жер аянтынын өздөштүрүлүүсүн күтүп турат. Быйылкы жылга каралган иш-пландардын катарында 8 чакырым жолго жол чырактарын орнотуу, 6 чакырымга жол салуу да каралган. 


Дегеле, айылга эмне керек? Ичүүчү таза суу, өчпөгөн жарык, сугат суу, коррупциясыз кызмат керек. Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын аймагында таза суусу жок бир да айыл калбайт. Бул Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка ат салышып жатканда элге берген убадасы болгон. Дал ушул максаттарды ишке ашыруунун алгачкы кадамдары башталды. Аймактарды өнүктүрүү жылынын жарыяланышы менен, аймактардын бир жылдык иштөө пландары түзүлүүдө. Өзгөчө басым, социалдык маселелерге жасалат.


Дал ушул: таза суу, сугат суу, канализация көйгөйлөрүнүн чечилиши менен миграцияны агымын ооздуктоого болот. Бул көйгөйлөрдүн чечилиши менен жумуш орундары да камсыз болот.