Ысык-Көл облусундагы Кыргызстан менен Казакстан республикалары чектешкен чек арага чейинки эл аралык жол каттамына бир жарым метр кар түштү.
Жолчулардын айтымында, январь айынын он экисинен бери тынбай жааган кар азыр да токтой элек. Мындан улам жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Себеби чек арага жакын жерде эки жүзгө жакын түтүн эл жашап, кошумча чек арачылар да бар.
Жергиликтүү элдин билдиришинче, калың кар азырынча кооптуу абал жарата элек. Чек арада жайгашкан айыл элинин учурдагы абалы менен биздин чыгармачыл топ да жеринен таанышып, жолчулардын бир күндүк ишине күбө болуп келди.
Түп-Кеген эл аралык жол каттамынын узундугу жалпы жетимиш алты чакырымды түзөт. Учурда бул каттамдын кыркынчы чакырымынан баштап калың кар түшкөн. Аны менен кошо тынбай шамал болгондуктан көпчүлүк жерине кар үйүлүп калган. Жолчулардын айтымында жол тазалоо иштери акыркы бир жумадан бери тына элек.