Жаңылыктар
Өлкөнү өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейинки улуттук стратегия талкууланды
Экономика
Өлкөнү өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейинки улуттук стратегия талкууланды

Ишкерлер өлкөнү өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейинки улуттук стратегияны талкуулашты. Бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү түрдүү демилгелерди көтөрүп, узак мөөнөткө багытталган документке киргизүү өтүнүчү менен бир катар сунуштарды беришти. Улуттук стратегияда башка тармактар менен бирге ишкерликке да жагымдуу шарттарды түзүү каралган.



Экономиканы өнүктүрүүгө багытталган максаттар узак мөөнөттүү Улуттук стратегиянын өзөгүн түзөт. Бул маанилүү документте камтылгандарды бийлик өкүлдөрү менен ишкерлер бирге отуруп талкуулашты.



Өкмөт соңку жылдары алып сатуу менен гана алектенбей товарды өндүрүп өлкөдөн сырткары саткан ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө маани берүүдө. Чечүүнү талап кылган маселелердин көбү каражатка байланып жатат.



Ишкерлер менен талдоочуларда сунуш, пикирлер көп. Алар өз демилгелери Улуттук стратегияга камтылса деген тилекте. Маселен айрымдарды базарлардын келечеги ойлондурат.



Кыргызстанда ири акча которуулар атайын мекеме тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Бул 2001-жылы АКШда болгон каргашадан кийин террорду каржылоонун алдын алуу максатында кабыл алынган чечим. Коопсуздук маанилүү, бирок ашкере коркуу менен бизнеске тоскоолдуктар жаралбаса деген адистер да бар.



Өкмөт ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүн кайталап келет. Соңку учурда аны ишке ашыруунун негизги таянычы катары ар тармактардын санариптештешүүсү айтылууда. Бул баалуулукту алдыга сүрөгөн “Таза Коом” программасы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын өзөгүн түзөт.