Жаңылыктар
“UFCнин” 2-номери Нурмагомедов Кыргызстанга таанышуу сапары менен келет
Спорт
“UFCнин” 2-номери Нурмагомедов Кыргызстанга таанышуу сапары менен келет

Жеңил салмакта “UFCнин” 2-номери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга таанышуу сапары менен келет. Улуттук Олимпиада комитетинен билдиришкендей, россиялык мушкердин сапары 23-январга мерчемделди. 


Күйөрмандар жана журналисттер менен жолугушуу ордо калаанын Чолпон-Ата көчөсүндөгү соода борборлорунун биринде күндүзгү саат он бирде өтөт. Ушул жылдын 1-январына карата UFC рейтингинде Нурмагомедов өзүнүн салмагында 2-орунду ээледи. 


Хабиб жеңил салмакта чыккан күчтүү мушкерлердин бири. Анын жеке рекорду - 25 жолу беттешке чыгып, 25 жеңишке ээ болгон. Ал Бишкекке Улуттук Олимпиада комитетинин чакыруусу менен келүүдө.