Жаңылыктар
Баткендик милиционерлер окуучуларга кылмыштуулуктан алыс болууну эскертишүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендик милиционерлер окуучуларга кылмыштуулуктан алыс болууну эскертишүүдө

Баткен ОИИБдин кызматкерлери Кара-Бак айылына барып, жергиликтүү тургундарга профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Бак айылында 940 окуучу бар. Милиция кызматкерлери алар менен жолугушуп, кылмыштуулуктан оолак болууну эскертишти. Окуучу кыздар менен өзүнчө жыйын өткөрүп, суицид, кылмыштуулук жана турмушка эрте чыгуу боюнча кеңири түшүнүктөрдү берип, талкууларды жүргүзүштү.

Ошондой эле, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектепке барышып, ал жердеги мектеп окуучулар менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Профилактикалык иш-чаралар 3 күнгө созулат.