Жаңылыктар
Нидерландия менен Бельгияда болгон катуу шамал адам өмүрүн алды
Кырсык
Нидерландия менен Бельгияда болгон катуу шамал адам өмүрүн алды

Нидерландия менен Бельгияда 18-январь күнү болгон катуу шамал төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди. Ага ылайык, Нидерланддардын Оверейссел провинциясында кулаган бак эки кишини басып калган. 

Ал эми Гелдерланд провинциясында дагы бир киши каза болуп, экинчиси оор жаракат алган. Табият кырсыгын видеого тарткандар аны интернетке жарыялашты. Анда катуу шамал кишилерди жана үйдүн чатырларын камгактай учуруп жатканын көрүүгө болот.