Жаңылыктар
Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөт
Саясат
Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөт

Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу жана жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу буйрукка Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. Эксперттер жергиликтүү бийликкке татыктуу маани берүү- эл менен бийликтин ортосун жакындатаарын белгилешүүдө. Эми мамлекеттик жана коомдук уюмдардан түзүлгөн жумушчу топ 2018- жылдын 1- майына чейин бул жаатта мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ өз сунушун 2018-жылдын 1-майынан кечиктирбестен даярдашы керек. Буйруктун аткарлышын мамлекет башчы өз көзөмөлүнө алат. Белгилей кетсек өлкө калкынын 65 пайызы элет жеринде жашайт. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"