Жаңылыктар
Боом капчыгайында өрттөнгөн унаа курулуш каражаттарын жүктөп бара жаткан
Кырсык
Боом капчыгайында өрттөнгөн унаа курулуш каражаттарын жүктөп бара жаткан

Бишкектен Бостериге курулуш каражаттарын жүктөп бара жаткан унаа Боом капчыгайына жеткенде өрттөндү. Маалым болгондой, 1969-жылы туулган айдоочу Сокулук районунун Комсомол айылынын тургуну болгон. Ал фирманын унаасын айдап жүргөн.

Айдоочунун айтуусунда, автоунаа жүрүп бара жатканда түтүн чыгып жатканын көргөн. Дароо унааны токтоткондо кабинанын арты күйүп баштаган. Кабина аз убакыттын ичинде күйүп, айдоочу жеңил жаракат алды.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Бишкек—Балыкчы унаа жолунун 145-чакырымында өрттөнгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.