Жаңылыктар
Өлкөдөгү жемкорлук менен күрөшүүнүн электрондук порталы ишке кирди
Коррупция
Өлкөдөгү жемкорлук менен күрөшүүнүн электрондук порталы ишке кирди

Эми жарандар боюнча арыздарын тез жана оңой эле интернет порталы аркылуу бере алышат. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы коррупцияга каршы anticorruption.kg порталын ишке киргизди. Долбоордун максаты - жарандарга коррупциялык иштерге каршы турууга шарт түзүү. 

Маалымат ресурсунда паракорлукка көбүрөөк ыктаган аймак жана тармактардын интерактивдик картасы жайгаштырылган. Ачылганын аз эле болсо да жарандардан арыздар келип түшүүдө. Талдоочулар бул кадам паракорчулук менен күрөшүүдө жакшы инструмент экенин, чиновниктерди аз да болсо коркутууга, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга өбөлгө боло тургадыгын айтууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"