Жаңылыктар
Таласта кыргыз-казак достугун чыңдоого багытталган маданий иш-чара өттү
Маданият
Таласта кыргыз-казак достугун чыңдоого багытталган маданий иш-чара өттү

Кыргыз-казак достугу. Мына ушул максатка багытталган маданий иш-чара Талас облусунда өтүп жатат. Саамалыкка коңшу Талас облусунун Жамбыл облусунан өнөр адамдары келип, облустук драма театрда таланттарын тартуулашты. 

Ага чейин таластыктар кыргыз-казак чек арасынан казак боордошторун урмат-сый менен тосуп, облустагы Манас ордо комплексинде куран окутулуп, эки элдин ынтымагына бата тиленди.

Жамбыл облусунан келген таланттар Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрына түш оой келишти. Ага чейин Манас ордо комплексинде зыярат кылып, эки элдин достугунун келечегине бата тилешти. 

Коншу Казакстандан келишкен өнөр адамдарынын таланттарына ышкыбоз болгон таластыктар облустук драм театрда концерттин башталышын күтүп жатышты.

Сөз кезегинде Жамбылдан келген маданият адамдары да Таластагы бүгүнкү күндөр, кыргыз боорлордун урмат-сыйы өзгөчө жагымдуу маанай тартуулап жатканын жашырышкан жок.

Фестивалдын алкагында Жамбыл облусунун жетекчилиги Талас облусунун жетекчилигине жолдогон туугандык каты өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиевге тапшырылды

Белгилей кетсек, фестивалга Жамбыл облусундагы башка улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү да келишкен. Алар казак таланттары менен бирге кыргыздын обондуу ырларынан да аткарышты.