Жаңылыктар
Жан кейиткен жол кырсыктарына кандай чаралар көрүлөт?
Кыргызстан жаңылыктары
Жан кейиткен жол кырсыктарына кандай чаралар көрүлөт?

Кыргызстанда жол кырсыгы жыл өткөн сайын көбөйгөндүн үстүндө. Адам өмүрү согуш талаасындагы кармаштагыдай эле кыйылууда. Узаган жылы 6 миң 346 жол кырсыгы келип чыгып, 2016-жылга салыштырмалуу 8,1 пайызга көбөйгөн. 

Жоготуулар бир миң адамга чукулдайт, арасында балдар бар. Маселени чечүүнүн убактысы бышып-жетилип, өкмөт жана тиешелүү органдар бул багытта реформалоо иштерине киришти.  


Адам өмүрүн жалмаган жол кырсыктары тууралуу маалыматтарга элдин кулагы бышып бүттү. Күнүгө республиканын аймагында кырсык катталат. Кайгылуу окуядан мерт кеткендердин жакындары кайгы-муңга батып, орду толгус жоготууга дуушар болушат. Жаракат алган адам саны дагы миңдеп саналат. Мисалы, өткөн жылы 9 миң 568 кишинин ден соолугуна залал келтирилген.

 

Жыл жаңырганы 2012-жылдан бери эки ирет тендер өтүп, ишке ашпай келген долбоор жанданды. Өкмөт видео камера аркылуу коопсуздук эрежелерин көзөмөл кылууга белсенип жатат.

Ошондой эле борбордук көчөлөрдө тоскоолдук жараткан унаалар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы ишке кирди.  Эгер эвакуатор жүктөгөн унаага залал келтирсе, анда толугу менен калыбына келтирүүгө милдеттүү. Бул түзүмдө дагы өзгөрүүлөр жүрдү: кийими, унаа белгиси жана аталышы өзгөрдү. Жакында камера аркылуу көзөмөл жүргүзүлө баштамакчы. Жыйынтыгында жол кырсыктары азаябы, аны убакыт көрсөтөт.