Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Ишкерликти каржылоо жеткиликтүү болушу керек"
Экономика
С.Жээнбеков: "Ишкерликти каржылоо жеткиликтүү болушу керек"

Күрөөгө коюуга мүлкү жок жарандардын мыкты долбоорлору каржыланбай калууда. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы менен “Кепилдик фонддун” жетекчисин кабыл алган учурда билдирди. 

Мамлекет башчысы мындай көрүнүштөргө аймактарда эл менен жолугушуу учурунда күбө болгонун белгилейт. Аталган фонддордун жетекчилерине бул маселени чечүү тапшырмасы берилди. 


Тейлөө жана алып сатуу менен гана күн өткөргөн учур артта калды. Мамлекет соңку жылдары өндүрүшкө, айрыкча экспорттук мүмкүнчүлүгү бар ишканаларга колдоо көрсөтүүгө көңүл бура баштады. 

Евразия экономикалык биримдигинин дарбазасы ачылганы менен бирдиктүү базар үчүн болгон атаандаштык күчөдү. Президент Сооронбай Жээнбеков анда Кыргызстандын ордун жогорулатуу үчүн казынада турган каражаттар натыйжалуу жумшалышы керек экенин эскертти. 

 

Мамлекет башчынын айтымында ишкерликти колдоого каражат жетиштүү. Маселе натыйжалуу долбоорлорун сунуштаган жарандардын күрөөгө коюуга мүлктөрү жок болуп жатканында. Мындан улам керектүү насыяны алуу үчүн “Кепилдик фонду” түптөлгөн. Ага бөлүнгөн каражаттын 90 пайызы колдонулуп бүттү. 248 миллион сомго 237 кепилдик өткөрүп берилген.

Президент каржы мекемелеринин банктар менен биргелешип тыгыз иш алып баруусу өлкө экономикасын көтөрүүгө олуттуу салым кошоорун белгиледи. Мамлекет башчынын баамында өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылоодо аймактарды бирдей камтыган эмес. Ошондой эле күрөөсү жокторду жагымсыз топко киргизүү туура эмес экенин белгилеп, каржылоо саясатын кайра карап чыгуу зарылчылыгын билдирди.