Жаңылыктар
Өзгөн күрүчү ЕАЭБдин соода рыногуна тоскоолдуксуз чыга алат
Экономика
Өзгөн күрүчү  ЕАЭБдин соода рыногуна тоскоолдуксуз чыга алат

Өзгөн күрүчү жаз айынан тартып, Евразиялык экономикалык биримдиктин соода рыногуна тоскоолдуксуз чыга алат. Республикалык бюджеттен каржыланган 6 млн. сомдук заманбап лаборатория ачылуунун алдында турат.


Фергана өрөөнүндө өстүрүлгөн күрүчтөрдүн эң баалуусу жана белгилүүсү - Өзгөн күрүчү. Бала кезден бул өсүмдүктү өстүрүүнүн сырын мыкты өздөштүргөн Хасанбай Алтымышбаев пикиринде Өзгөн күрүчү деп жалпылап айтылганы менен, булар түзүлүшү, даамы жана курамындагы заттары боюнча айырмаланат. Өзгөндө негизинен күрүчтүн 11 түрү өстүрүлөт.

Дал ушундай өзгөчөлүктөрү менен күрүчтүн бул эки сорту 2011-жылы Славенияда өткөн жарманкеде “дүйнөлүк стандартка жооп берет,”-деп табылса Испанияда өткөн жарманкеде эки алтын медалды жеңип алган.


“Ак урук”, “Кара кылтырык” сорттору 2016-жылы республиканын аймагында пайдаланууга уруксат берилген түрлөрдүн жана гибриддердин Мамлекеттик реестрине киргизилген.