Жаңылыктар
Эне тилди өнүктүрүү бала бакчадан башталышы керек
Билим
Эне тилди өнүктүрүү бала бакчадан башталышы керек

Кыргызстанда эне тилди өнүктүрүү мамлекет алдында турган негизги милдеттердин бири. Аны менен катар өлкө расмий жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоосу зарыл. Бул тапшырмалар өлкө башчысынын тил саясаты боюнча демилгелеринин бир бөлүгү болуп, максатты ишке ашыруу үчүн азыркы учурда чоң иш аракеттер башталган. 


Эне тилди бала бакчалардан баштоо- мамлекеттик тилди өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү. Кыргыз тилин жайылтуу өлкөдө канча жылдан бери көйгөй болуп келатканын өлкө башчысы буга чейин бир нече ирет кайталап, маселени чечүү анын шайлоо алдындагы программасында негизгилерден болуп камтылган. 


Президент Сооронбай Жээнбеков мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди жайылтуу жана үйрөтүү маселесин өткөн айда Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси менен талкуулап, өлкөнүн чоң шаарларында кыргыз тили унутта калып, ал эми айыл жерлеринде тескерисинче расмий тил солгундап жатканы белгиленген.