Жаңылыктар
“Акылдуу шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга Huawei компаниясы кандайча тандалган?
Кыргызстан жаңылыктары
“Акылдуу шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга Huawei компаниясы кандайча тандалган?

Өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун жүзөгө ашыра турган компанияны тандоого оң жоопкерчилик менен мамиле кылды. Бул тууралуу парламенттин “Республика - Ата Журт” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди. Анын айтымында көп жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин миллион калк жашаган ири шаарлар менен иш алып барууда тажрыйбасы бай Huawei компаниясы тандалды.


Депутаттар Huawei компаниясы менен АКШ, Австралия, Индия сыяктуу мамлекеттер кызматташуудан баш тартканын билдирди. Компания улуттук коопсуздукка кедергисин тийгизет деген да кептер жүрүүдө. Дайыр Кенекеев ар бир өлкө аткаруучу компанияны өзү тандай турганын ырастады. 

Вице-премьер-министрдин айтуусунда Huawei компаниясы миллион калк отурукташкан дүйнөнүн ири шаарлары менен иш алып барууда тажрыйбасы бар, эл аралык кадыры бийик ишкана. Анын катарында Шанхай, Гуанчжоу жана Дубай шаарлары бар. Huawei эл аралык айдыңда да бедели жогору.

Өкмөт эл аралык бир канча жолку сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин гана Huawei компаниясына ишеним арткан-дейт Кенекеев. Келишимдин алкагында инвестор долбоордун наркын толугу менен төлөйт. Бул 60 миллион доллар. Макулдашуунун алкагында мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком мамлекеттик ишканасы техникалык оператор катары иш алып бараары аныкталды. Анын башкы максаты долбоорду ишке ашырууда аткаруучу компанияга ар тараптуу жардам берүү жана колдоо көрсөтүү.

Февраль айынын тартып инфраструктураны жакшыртуу багытында компания жабдууларды орното баштайт. Алдын-ала маалыматтар боюнча Бишкекте система 8 айдын ичинде ишке киргизилет. Эксперттердин пикиринде мындай тез арадагы чоң жумушту тажрыйбалуу компания аткарып жетише алат. Өкмөт эл аралык кадыры бар ишкананы тандап алды. Башкысы Хуавей компаниясы Кытай өкмөтүнүн көзөмөлүндө.