Жаңылыктар
Орусиянын мамлекеттик думасы Кыргызстандын карызын кечүү протоколун ратификациялады
Экономика
Орусиянын мамлекеттик думасы Кыргызстандын карызын кечүү протоколун ратификациялады

Орусиянын мамлекеттик думасы Кыргызстандын карызын кечүү протоколун ратификациялаган документине ылайык, Россия Федерациясы Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечет. 

Орусияга болгон карызын кечүү тууралуу протоколго Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр 20-июнда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан. 

Жогорку Кеңеш бул боюнча макулдашуу протоколун былтыр 2-ноябрда ратификациялап, мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрда кол койгон.