Жаңылыктар
Эки суткада өлкө боюнча он бир өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Эки суткада өлкө боюнча он бир өрт кырсыгы катталды

Эки суткада өлкө боюнча он бир өрт кырсыгы катталып, ал тилсиз жоонун кесепетинен 1 адам каза болду. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматтарга караганда, Бишкекте, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экиден, Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында бирден тилсиз жоо катталды. 

Өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматы боюнча, негизинен мындай кырсык колго жасалган электр плиталарын колдонуудан келип чыгууда. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай плиткаларды колдонуудан баш тартууга жана үйдөн чыгып жатканда бардык электрга кошулуучу үй эмеректерин токтон ажыратып чыгууга чакырат.