Жаңылыктар
Баткенде Айдаркен сымап комбинаты ишке кирет
Экономика
Баткенде Айдаркен сымап комбинаты ишке кирет

Жаздан баштап Баткендеги Айдаркен сымап комбинаты ишке кирет. Мындай маалыматты Мамлекеттик мүлкту башкаруу фондуна билдирди. Ишкана сымап, сурьма жана флюорит өндүрмөкчү. 

Эскерте кетсек, 2017-жылдын июль айында ишкананы кайрадан жандандыруу үчүн ата мекендик ишкана тартылган. Буга чейин ошол ишкана 1 миллион доллар бөлүп, суу сордуруучу жаңы насостор алынган. Ошондой эле, фабриканын чатыры оңдолуп, эмгек акы, электр энергия, газ үчүн тийиштүү төлөмдөр өз учурунда төлөнүүдө.