Жаңылыктар
Кытайдан импорттолуп кирип жаткан эт азыктарына чектөө киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдан импорттолуп кирип жаткан эт азыктарына чектөө киргизилди

Кытайдан импорттолуп кирип жаткан эт азыктарына чектөө киргизилгендиги айтылды. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев, Парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында Кыргызстандын өзүндө эле 250 миң тоннага чейин эт өндүрүлөт жана анын 971 тоннасы экспорттолот. Ошого карабастан, Кыргызстан ушул кезге чейин этти Орусиядан, Казакстандан, Украинадан импорттоодо. Ал эми Кытайдын эти ЕАЭБ стандарттарына дал келбегендиктен, андан баш тартылган. 

Депутаттар Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүү ар дайым артыкчылыктуу багыттардан болуп келгенин, ошого карабастан, ушул кезге чейин этти кайра иштетүү тармагы өтө төмөнкү деңгээлде болуп жатканын, жалпы стандарттарга жооп берген мал союу жайларынын жетишсиздигин белгилешти. 

Айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуевдин айтымында, 2017-2021-жылдары тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү программасы иштелип чыкканын, ал азыр ишке ашырыла баштаганын билдирди. Анын негизги максаты тамак-аш өнөр жайын камсыз кылуу жана ал тармакты экспортко чыгаруу ишин жакшыртуу болуп жатат. 

«Ошондон улам, өткөн жылы айыл чарбасына 1 млрд. 264 млн. сом көлөмүндө үстөгү 6 пайыз болгон жеңилдетилген насыялар берилди. Биз кайра иштетүү ишканаларын, лабораторияларды, логистикалык борборлорду куруп, бирдиктүү стандартка салышыбыз керек», - деп белгиледи.