Жаңылыктар
С.Исаков Швейцария өлкөсүнө бизнес-форумга барат
Саясат
С.Исаков Швейцария өлкөсүнө бизнес-форумга барат

Премьер-министр Сапар Исаков жакында Швейцария өлкөсүнө Давос шаарындагы бизнес-форумга барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Анда ал Кыргызстанга инвестиция тартуу максатында бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Өкмөт башчы Кыргызстандагы Швейцария конфедерациясынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероника Ульман менен 17-январда жолугушкан. Анда ал эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи. 

“Мен өлкөгө кошумча инвестицияларды тартуу максатында бир катар жолугушуларды өткөрүүгө ниеттенип жатам. Биз инвесторлорду күтүп отурбастан, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен өзүбүз издешибиз керек”, — деп белгилеген Сапар Исаков. 

Өз кезегинде элчи Вероника Ульман Швейцария - Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экендигин билдирип, көптөгөн тармактарда кызматташтык ишке ашкандыгын белгиледи. 

Айта кетсек 2020-жылга чейинки кызматташтык стратегиясынын алкагында жыл сайын Кыргызстанга Швейцария тарабынан 20 млн франк бөлүнөт. Ошондой эле Швейцария Кыргызстандагы суу ресурстарын башкаруунун аймактык программасын колдоп жатат.