Жаңылыктар
Ажылык сапарга баруучуларга кийим тигүү боюнча сынак жарыяланды
Дин
Ажылык сапарга баруучуларга кийим тигүү боюнча сынак жарыяланды

Быйыл Меккеге былтыркыдан 900 көп зыяратчы барат. Анткени Сауд Аравиясы быйыл Кыргызстан үчүн ажылыкка бөлүнгөн орундардын санын көбөйттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. 

Мусулмандар дин башкармалыгы зыяратка быйыл 5400 кишини жөнөтүүгө даярданууда. 2017-жылы Кыргызстан үчүн 4585 орун берилген. Ажылыкка жаңы биометрикалык паспорт менен гана каттоо жүргүзүлөт.

Ажы сапары менен Меккеге баруучуларга атайын кийим тигүү жана эмдөөдөн өткөрүү үчүн сынак жарыяланды. Мындан тышкары муфтият ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн дагы компаниялар ортосунда сынак жарыялады. 

2018-жылдагы ажылык иштерге байланыштуу өткөрүлө турган сынактар 18-январдан 19-февралга чейин уланат. Конкурска катыша турган тараптар кошумча маалымат алып, тактоо иштери боюнча Бишкек шаарындагы Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылышса болот. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.