Жаңылыктар
Караколдук Атанаев дзюдо боюнча шаардык биринчиликте чемпион болду
Спорт
Караколдук Атанаев дзюдо боюнча шаардык биринчиликте чемпион болду

Каракол шаарынын балдар жана өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Даниэл Атанаев дзюдо боюнча Каракол шаарынын биринчилиги үчүн өткөн мелдеште чемпион болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өткөн жылдын 26-декабрында өткөн биринчиликте Даниэл 23 кг салмакта күрөшкө түшүп, атаандаштарын жеңип чыкты.

Даниэл шаардагы №2 гимназиясында 3-класста окуйт. Учурда ал машыктыруучусу Нурлан Түлөкабыловдун жетекчилигинде Бишкекте өтө турган Б.Рахатбековдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирге даярданууда.