Жаңылыктар
Чок-Тал айылында кичи футбол аянтчасы ачылды
Спорт
Чок-Тал айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Айыл аймактын жетекчилиги жана айылдык кеңенштин депутаттары былтыркы жылы аталган айыл аймакка кирген беш айылдын ар биринде кичи футбол аянтчасын куруу чечимин кабыл алышып, Чоң-Сары-Ой, Бает, Сары-Ой айылындагы кичи футбол аянчалары 2017-жылы бүткөрүлсө, жыл жаңырары менен Чок-Тал айылындагы жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомду түзгөн кичи футбол аянтчасы салтанаттуу ачылды.

Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы Улан Абдыкалыковдун айтымында, эми Орнок айылында да кичи футбол аянтчасы ачылат.

«Учурда кичи футбол аянчалары бар айылдардын ар биринде жаш курагына жараша 3-4 команда уюштурулуп, алар райондук, облустук мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишүүдө», - деди У.Абдыкалыков.